Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуларга белек беришти. Тактап айтканда, Аяз ата менен Аяз кызды жанына алышкан МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, аларга ачкычка иле турган брелокторду белек кылышты.
Аталган иш-чара тууралуу Бишкек ШИИБинин инспектору, милициянын майору Оторов Тилек "Бул саамалыкты жыл сайын айдоочулар жол эрежесин бузбоосу керектигин жеткирүү үчүн уюштурабыз" деп билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн “Ала-Тоо” аянтынан старт алган бул иш-чара 31-декабрга чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында уланмакчы.