Быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, 1-сентябрь жекшембиге туура келгендиктен, окуу 2-сентябрда башталат.
Билим күнүнө байланышкан бардык салтанаттар да ушул күнү өтөт.