Мурдагы аким Тилек Матраимовго сот чечими чыкты

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго карата Ош облустук соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук соттон билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун 11-июндагы өкүмүнүн негизинде Тилек Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп табылган.

Ошондой эле 3 жылдык мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 1 миллион сом айып салынган.

"Ош облустук сотунун 6-августтагы чечимине ылайык, айыпталуучудан Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүгүн (Күнөөсүн моюнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) колдонуу менен мамлекетке 300 миң сом өндүрүлгөн", - деп билдиришти облустук соттон.

Эске салсак, УКМК 26-мартта Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду жана анын үч бир тууганы – Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду Азербайжандан экстрадициялаган.

26-апрелде Тилек Матраимов үй камагына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан