Парламентте бүгүн, 26-декабрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды 50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу даярдалган долбоорду талкуулашууда.
Анда депутат Тиленчиева Майрамкүл Нарын дарыясындагы суунун булганышына байланыштуу облустун фондуна 1 пайыз берүү боюнча элдин талабын айтты. “Облустун эли экологиялык чыгымдар үчүн төлөп берүү талабын айтышкан. Өкмөт тарабынан Нарын суусу “Центеррадан" булганганы аныкталган. Сууну текшерүү үчүн лаборатория куруу да айтылган. Эмнеге бул маселе каралбай жатат?”- деди Тиленчиева.
Жантөрө Сатыбалдиев жаңы келишимде лабораториянын курулушу тууралуу жазылганын билдирди. “Кумтөрдүн” алтыны - Кыргызстандыкы. Ар бир регионго фонд түзүүнүн кереги жок. Бизге түшкөн каражатты кайсы жакка бөлөбүз, ал биздин ишибиз. Нарын суусу булганып жаткан болсо, келерки жылдын кирешесине сууну тазалашыбыз керек”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.