Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Италиянын элчисин чакыртты

16-августта Италиянын Москвадагы элчиси Чечилия Пиччони Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага Курск облусундагы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн операциясын чагылдыруу үчүн Орусиянын аймагына кирген италиялык мамлекеттик RAI телерадиокомпаниясынын тартуу тобунун аракеттерине байланыштуу катуу нааразычылык айтылды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги италиялык журналисттер орус мыйзамдарын жана журналисттик этиканын нормаларын одоно бузганын баса белгиледи.

Ошондой эле Италиянын жарандары тарабынан жасалган аракеттер Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине туура келери белгиленди. Учурда орус бийлиги RAI кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү жагдайларын аныктоо үчүн зарыл чараларды көрүүдө.

Украин армиясы Курск облусунун аймагына 6-августта кирип, андан бери аймакта салгылашуулар уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрү ондогон калктуу конуштарды, анын ичинде Суджа районунун борборун көзөмөлдөп турганын ырастоодо.

Аймакта федералдык өзгөчө кырдаал жарыяланды. Курск облусунан 120 миңден ашык адам эвакуацияланган.

Буга чейин Украина Курск облусунда Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда биринчи аскердик комендатураны түзгөн. Комендатуранын башчысы болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан