Орусиянын Белгород облусуна кирүү жабылат

Орусиянын Белгород облусунда Грайворон жана Валуй райондорундагы беш конушка 19-августтан тарта кирүү жабылат. Бул тууралуу облустун губернатору Вячеслав Гладков оперативдүү штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча өзүнүн телеграм каналында билдирди.

"Облустун беш конушунун кире беришин жаап, жашоочуларды чыгарып, үй-мүлкүн көчүрүүгө жардам берип жатабыз. Краснояружский районунда Колотиловка айылынын кире беришин убактылуу жаап жатабыз", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Украин армиясы Курск облусунун аймагына 6-августта кирип, андан бери аймакта салгылашуулар уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрү ондогон калктуу конуштарды, анын ичинде Суджа районунун борборун көзөмөлдөп турганын ырастоодо.

Аймакта федералдык өзгөчө кырдаал жарыяланды. Курск облусунан 120 миңден ашык адам эвакуацияланган.

Буга чейин Украина Курск облусунда Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда биринчи аскердик комендатураны түзгөн. Комендатуранын башчысы болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан