Өкмөт "Келечекке салым” балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти

Министрлер кабинети “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалымдалгандай, документ президенттин “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Анда ар бир жетим бала үчүн 18 жашка толгондо “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин акчалай каражаттарынын өлчөмү 500 миң сомдон кем эмес белгиленет.

“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити боюнча пайыздык ставка “Айыл Банк” ачык акционердик коому тарабынан Финансы министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан