Турсунбай Бакир уулу "Жантөрө Сатыбалдиевди колдойм, керек болсо коргойм" дейт

Парламентте бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу даярдалган долбоорду талкуулашууда.

ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу 23-октябрда аталган маселени кароо учурунда айткан сөзүн эске салды. “Өткөндө да колдодум, бүгүн да мен сизди колдойм. Керек болсо коргойм. Анткени кээ бир кесиптештерим мени түшүнбөй мазактап чыгышты. Мен айткам, медицина гана жоготулган нерсени кайра тигет. 67 пайызды кайра тиге албайсыңар деп. 50 пайыз+1 контролдук пакет алсак жетишет деп айткан элем. Мына, 67 пайыз реалдуу эмес дегенине карабай эми өкмөттөн талап кылып жатасыңар”,- деди ал. 

Мындан сырткары башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып, “Кылмыштардын эскирүү мөөнөтү тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизилсе, “Кумтөр” киргенден баштап Аскар Акаевден тарта өкмөт башчыларына иш козгогонго эркиңиз жетеби?” деп суроо узатты.  

Башкы прокурор бул маселени юристтер кылдаттык менен изилдеп чыгышы керектигин айтты. “Конституцияда жана укуктук нормативдик актыларда мыйзам кайра күчүнө кирбейт деген  принциптер камтылган. Бирок кабыл алып жатканда мыйзам кайсы убактан баштап күчүнө кирери жазылса, жоопко тартса болот. Эгерде адамдын абалын оорлото турган мыйзам болсо, ал кайра күчүнө кирбейт деген принципке туш келип калат. Мыйзамды кандай кабыл алып берсеңиздер, ошол боюнча иштейм”,- деди Аида Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан