Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” кени боюнча өкмөттүн биргелешкен ишкана түзүү чечимине каршы болгон өкмөт мүчөлөрүнүн аттарын атады

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” кени боюнча биргелешкен ишкана түзүү чечимин колдобогон өкмөт мүчөлөрүнүн аттарын атады. Буга депутат Мыктыбек Абдылдаевдин “Өкмөттүн токтомуна кимдер макул болгон жок?” деген суроосу себеп болду.

Анда Сатыбалдиев: “Биз Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, 67 пайызга жете алган жокпуз. Биргелешкен ишкана түзүү долбоорун өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жактырды. Ал эми эки министр “Кумтөрдү” улутташтырууну колдоду. Алар Шыкмаматов менен Базарбаев. Ал эми Жоомарт Оторбаев “калысмын” деп добуш берген”, - деди.      

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан