Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Мурадыловдордун үй-бүлөсүнө барып, үч жолку Кызыл Жылдыз орденинин ээси Григорий Гаврилович Чалов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Данияр Нарымбаев ардагерге узун өмүр каалап, Кубат жана Гүлжан Мурадыловдорго алардын жасаган жакшы иши үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттин Аппаратында бул окуянын катышуучуларына көмөк көрсөтүү боюнча чечимдердин түрдүү варианттары иштелип жаткандыгы тууралуу маалымдады.
Белгилей кетсек, Григорий Гаврилович Чалов үйүнөн ажырап, көчөдө, коомдук транспортто жашап калганда Кубат жана Гүлжан Мурадыловдор асырап алышкан.