2013-жылы Кыргызстанда 3 ири жолдордун курулушу башталды

2013-жылы Кубакы-Балыкчы жолунун 147-172, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 479-539-чакырымдарында жана Ош-Баткен-Исфана жолунун 4 бөлүгүндө курулуш иштери башталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КРнын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Аталган аймактарда быйыл унаа жолун салуудагы жерге байланыштуу иштер аткарылды. 
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында узундугу 98 чакырым жолго асфальтбетон төшөө жумуштары бүткөрүлгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылы 297 чакырымды түзгөн эле. Быйыл жолдордун көпчүлүк бөлүктөрүндө реабилитациялоо жумуштарынын аякташына байланыштуу көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан