Нарында жер титирөө катталды

Бүгүн, 26-декабрда түштөн кийин саат 15:00дөр чамасында Нарын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык,  Нарын шаарынан түштүк-батыш тарапты көздөй 37 чакырым, Ат-Башыдан түндүк-батышка 12 чакырым аралыкта жайгашкан Байбиче-Тоо аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Жер титирөөнүн күчү Куланак жана Достук айылдарында 3,5 балл, Ат-Башыда 3 балл жана Нарын шаарында 2,5 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан