“Кумтөр” маселеси Жаңы жылдан кийин комитет жана фракциялардын отурумунда каралмай болду

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрында өткөн жыйыны КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, чакырылган адистер менен эксперттер катышуусунда өттү.  

КР Өкмөтүнүн «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен “Кумтөр” долбоору боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат уктурулуп, Өкмөт менен депутаттар суроо-жооп алышышты.

 “Кумтөр” долбоору боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат эми Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен парламенттик фракцияларында талкууланып, андан кийин парламенттин кароосуна киргизилет. 

“Кумтөр” маселеси Жаңы жылдан кийин комитет жана фракциялардын отурумунда каралмай болду. Буга катталган депутаттардын 56сы “макул” деген добуш беришти. Мындай сунушту депутат Мамат Орозбаев киргизди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан