Москвада мигранттардын айынан пенсионер айыпталды

Москва шаарынын Головин райондук соту 66 жаштагы Горелкин Анатолийге айыптоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Москва шаардык прокуратурасы бүгүн, 26-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 12-мартынан 13-июнуна чейин пенсионер Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Молдова жана Армения өлкөлөрүнүн 13 жаранын өз үйүнө каттоого тургузган. Ал үчүн Горелкин ар бир мигранттан 1500 рублдан алганы аныкталган. 

Тергөө учурунда пенсионер аларды каттоого тургузуп жатканда мыйзам бузуп жаткандыгын билгенин айткан. 

Головин райондук соту Горелкиндин буга чейин соттолбогондугун жана кылган күнөөсүнө өкүнүп жаткандыгын эске алып, ага 7000 рубль айып пул салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан