Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров ага Франицяда издөө жарыяланганын билип туруп, болбой эле барган БУл тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Дуров Парижге кечки тамактануу үчүн эле барган. Ал ресторандардын биринде стол брондоп койгону белгилүү болгон. Дуровдун Embraer Legacy 600 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:30да Франциянын аэропортуна конгон. Андан бир нече мүнөттөн кийин эле ал кармалган. Анын жанында жансакчысы жана бир аял бар болгон.
Телеграм каналдын маалыматы боюнча, Павел Дуров ага Францияда издөө жарыяланганын билген. Ошондуктан ал көпкө чейин Европа өлкөлөрүнө барбай жүрүп, бирок ага карабай эле Парижге барган.
Анын соту ушул жекшемби күнү болору күтүлүүдө.