Telegram мессенжеринин командасы Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү таратышты.
Анда Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок экени, ал Европада көп саякаттай турганы айтылат.
"Telegram Евробиримдиктин мыйзамдарын, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамдарды бекем сактайт. Платформа же анын ээси бул платформаны кыянаттык менен пайдаланат дегендери акылга сыйбайт", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 24-августта Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Айрым чет элдик басылмалар ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып кармалганын жазышууда.