Телеграмдын популярдуулугу Дуров кармалгандан кийин 4 пайызга өскөн 

Телеграм каналынын популярдуулугу анын негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда кармалгандан кийин бир суткада 4 пайызга өскөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка караганда, мурда Телеграм мессенжери App Store тиркемесинин рейтингинде 18-орунда болсо, учурда 8-катарга көтөрүлгөн. Тактап айтканда, Телеграм мессенжерин жүктөгөндөрдүн саны 4 пайызга көбөйгөн. Бул рейтинг орнотуулардын саны менен гана эмес, жүктөө ылдамдыгы, ошондой эле башка факторлор менен да аныкталат.

Белгилей кетсек, 24-августта Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге кечки тамактануу үчүн барганы айтылган.

Ошондой эле Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү 12-июнда Ысык-Көлгө да келип кеткен. Ал жергиликтүү PR-менеджерлери менен жолугуп, анда Телеграм тиркемесинин ишин жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан