Телеграм каналынын негиздөөчүсү Дуров Кыргызстан тууралуу өз пикирин билдирди (сүрөт

Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров Кыргызстанга кайра келерин айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан абдан бат өнүгүп, өлкө боюнча баалуу инфраструктураларды кошууда.

"Мен Орто Азиянын чыныгы катылган асыл ташы болгон Кыргызстандын элине жана жаратылышына ашык болуп калдым. Аба ырайы жакшы болуп тоого, Ысык-Көлдүн тегерегине көп чыгып, атка миндик. Мен Кыргызстан абдан тез өнүгүп, өлкө боюнча баалуу инфраструктураларды кошуп жатканын байкадым.

Өлкө калкынын жарымынан көбү Телеграмды ай сайын колдонот жана акыркы төрт айда эле анын популярдуулугу 30 пайызга өстү. Ал жерде биз жергиликтүү PR-менеджерлер менен жолугуп, Кыргызстандагы Телеграм колдонуучуларынын тажрыйбасын жакшыртуу жолдорун талкууладык",-деп жазган Дуров өзүнүн Телеграм каналына.

Ошондой эле ал кыргызстандыктарга ыраазычылылыгын билдирди.

"Рахмат, Кыргызстан, биз жакында кайра келебиз. Силердин меймандостугуңар менин келечектеги кооз Борбордук Азияга болгон саякаттоомо шык берди", - деп кошумчалаган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан