Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, 23-августта Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, анын эки орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбековду кызматтан алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан