Суроо: - 4 балам бар. Мен көп балалуу эне болуп эсептелемби? Суроо калтырган Christina
Жооп: - Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 9-берененин негизинде 5 жана андан көп бала төрөгөн, аларды 8 жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо пенсияга чыга алышат. Ал эми жалпы негиздерде, тактап айтканда, Бишкек шаарында 4 балалуу эне катары пенсияга 58 жашка толгон куракта жана 20 жылдык стаж менен толук пенсия алууга укуктуу. Кыргыз Республикасында мыйзамдын негизинде “Баатыр эне” ордени менен жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер сыйланышат. Азыркы тапта аларга карата 1000 сом кошумча каражат катары төлөнөт.
Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.