Өкмөт жооп берет: Канча жашымдан пенсияга чыксам болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Канча жашымда пенсияга чыгам? Декреттик өргүүм эмгек стажыма киреби? Суроо калтырган Christina

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №822-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, кары жарандарга жашаган (катталган) жерлери боюнча төмөндөгүдөй дайындалат:

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон Баатыр энелерге 2000 сом өлчөмүндө;

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон кары жарандарга 1000 сом өлчөмүндө;

- тоолуу жана алыскы райондордо жашаган, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон кары жарандарга - 1000 сом өлчөмүндө төлөнөт.

Эгерде пенсияга укугу (эмгек стажы) бар болсо, анда Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” № 57-мыйзамына ылайык Социалдык фонд тарабынан пенсия төлөнөт.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан