Маркум Салтанат Нукенованын агасы Бишимбаевди кайрадан сотко берди

Маркум Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангелди 24 жылга эркинен ажыратылган Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди кайрадан сотко берди. Бул ирет ал кеткен чыгымдарды төлөп берүү талабы менен сотко кайрылган. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, соттук материалдарга ылайык, Амангелди Бишимбаевден келтирилген материалдык чыгымды жана моралдык зыяндын ордун толтурууну көздөөдө. Салтанаттын ата-энеси үчүнчү тарап катары катышат. Соттук отурум 3-сентябрда болот.

Айтбек Амангелди басылмалардын бирине биринчи соттук отурум буга чейин өткөндүгүн билдирген. Сот жабырлануучу тараптан соттук иштер жүрүп жаткан учурда келип кеткен учактын отургузуу талондорун толук берүүнү талап кылган, бирок каттамдардын бардыгын тастыктоо мүмкүн болгон эмес.

«Доо арыз адвокаттарга, жатаканага жана учакка кеткен чыгымдарды өндүрүү үчүн берилген. Кийинки соттук отурум онлайн режиминде өтөт. Иш Астана шаардык сотунда каралууда”, - деп кошумчалаган маркумдун бир тууган агасы.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо колонияда канча айлык ала алары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан