Ноокат районунда маркум Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине арналган улуттук ат оюндары болуп өттү

Ноокат районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын алкагында улуттук ат оюндары болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жылдын башында Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтомдоруна ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Насирдин Исановдун 70 жылдык юбилейине карата мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар белгиленген. Анын негизинде райондук, облустук, республикалык масштабда ар кандай иш-чаралар уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан