2013-жылдын 11 айында өрт өчүрүүчүлөр 131 адамдын өмүрүн сактап калышкан. Ал эми 2012-жылы 72 адамдын өмүрү сакталган. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ошондой эле 2013-жылдын 11 айында 7 миллиард сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Бул көрсөткүч 2012-жылы 890 миллион сомду түзгөн.