2013-жылдын 25-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында саат 11:25тен 12:40ка чейин 14 жолу атуу жүргүзүлүп, 48000 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 248-чакырымында 8 жолу аткылоо иштери жүргүзүлүп, 7000 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн.
ӨКМнын Ыкчам тобу жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде жалпы 70 жолу аткылоо иштери жүргүзүлүп, 86800 метр куб кар көчкү түшкөн.