"Алай районунун Таш-Дөбө айылында Иляз Адишов атындагы мектептин имараты ачылды" деп кабарлады КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Шайлообек Козубаев. Маалыматка ылайык, ачылышка губернатор Сооронбай Жээнбеков, ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков, район башчылары жана жергиликтүү калк катышкан. 280 орундуу мектеп мамлекеттин бюджетинен курулуп бүткөн. Ага 42 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталган.