Бишкекте төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар камакта калды

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту тергөө абагында отурган төрт журналисттин - Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекееванын баш коргоо чарасын карап, аларды камакта калтырды. Бул тууралуу жактоочу Улан Сейитбеков билдирди.

Белгилей кетсек, 1-августта Бишкектин Ленин райондук соту журналисттердин баш коргоо чарасын карап, аларды 2-октябрга чейин камакта калтырган. Жактоочу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Бүгүн, 4-сентябрда сот апелляциялык даттанууну канааттандырган жок.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.

11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан