Ош мэриясы бир жылда 3 миңдей тургунду кабыл алды

Жыл башынан бери Ош шаарынын мэри жана вице-мэрлери 2 848 жаранды кабыл алышкан. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы бүгүн билдирди. 
Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан турак жай, жер тилкелерин бөлүп берүү, коммуналдык жана транспорттук, жумушка орноштуруу жана башка шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүүгө жума сайын кабыл алуулар уюштурулган. 
Жыл башынан бери турак-жай көйгөйлөрүн чечүү маселеси менен кайрылышкандар – 744 атуул, жер тилке боюнча – 593, коммуналдык жана транспорттук тейлөөлөргө даттануулар – 600, жеке ишкерлер – 81, "Жапалак" унаа базары боюнча – 161, материалдык жардам көрсөтүү суранычы менен – 83, жумушка орношуу – 6, жеке маселелер – 44, көп кабаттуу үйлөрдүн тамын оңдоо – 46 жана башкалар. Бардык маселелер каттоодон өтүп, Ош шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө, мекемелерине, башкармалыктарына аталган көйгөйлөрдү заматта чечүү үчүн өткөрүлүп берилет. Азыркы күнгө аталган жалпы 2 848 ар түрдүү кайрылуулар толугу менен убагында аткарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан