Биз социалдык тармакта

Нарында күйөөсү бычактап жаткан аялды куткарып калган кызматкер "Каармандык" медалы менен сыйланды

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жеңишбек Муканбетов "Каармандык" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Нарын ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин медалы ага адам өмүрүнө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалда кайраттуулук көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылган.

Буга чейин Муканбетов облус башчысы Алтынбек Эргешов тарабынан сыйланган.

Эске салсак, 2-сентябрда Нарындагы "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада 42 жаштагы жаран ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин 31-август күнү бычактаганы белгилүү болгон. Шектүү кармалып, 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан