"Аю Холдинг" ишканасынын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго ачылган иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-сентябрда Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди райондук сот 15-февралда кабыл алган. Абдыкеримов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)", "Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү", "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу", "Акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо" жана "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого айыпталууда.
"Айыпталуучуга карата тандалган сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр 8-сентябрда Биринчи май райондук соту Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган. Ал азыр кайда экени белгисиз.