"Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун 8-сентябрдагы чечими менен Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн сунуштамасынан кийин, Абдыкеримовду сыртынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизүү өкүмү чыккан.
Эске салсак, 14-апрелде президент Садыр Жапаров “Аю” компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводдору мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, мамлекетке өткөнүн билдирген. Өлкө башчынын айтымында, бийлик компаниядан таза иштөөнү, салыкты жашырбоону жана алкоголдук ичимдиктерди аткезчилик жол менен өткөрбөөнү суранган.
27-апрелде болсо Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана соодасын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов Жогорку Кеңештин жыйынында "Аю" заводунун жетекчиси өз каалоосу менен ишканасын өткөрүп бергенин билдирген.
Ал эми айрым маалымат каражаттары "Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Дубайда дарыланып жатканын жазып чыгышкан.