"Аю Холдинг" ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча компаниянын директору Тыныбек Исаев жана беш кызматкери камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-сентябрда Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Билдиргендей, Исаев Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча акталган. Ал эми "Акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылып 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ага карата мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган.
Ошондой эле компаниянын А.А., А.Р., И.А. аттуу кызматкерлери "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери менен акталышса, "Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири эки жылдан эркиндигинен ажыратылган. Аларга да мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган.
Мындан тышкары М.Т., С.Н. аттуу кызматкерлери "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча акталышып, реабилитация болушкан.
Райондук соттон өкүм ушул жылдын 17-апрелинде чыкканын кошумчалады.
Бүгүн сырттан камакка алынган компаниянын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнү белгилүү болду.