Кечээ, 26-декабрда Бишкек ШИИББи тарабынан “Көпөлөк” рейди жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – "түнкү көпөлөктөрдүн" жана алардын кардарларын ВИЧ-инфекциясынан текшерүү болуп саналат.
Рейддин жүрүшүндө жыныстык кызмат көрсөткөн 4 жайдан 70тей сойку жана алардын кардарлары алынып келинди. Алар өздөрү тууралуу маалымат берип, ВИЧ-инфекциясы жана жыныстык жугуштуу оорулар боюнча анализ тапшырышты. Андан соң жанында паспорту барлары коё берилип, жоктору “приёмникте” калтырылды.
“Сойкулардын арасынан ВИЧ-инфекциясын жана жыныстык жугуштуу ооруларды жуктуруп алгандар катталса, алар диспансерлерде акысыз дарылана алышат”,- деп түшүндүрдү Бишкек ШИИББинин кызматкери Саламат Адылов.