Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык себептерден улам өзгөрбөй келет” деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирерден мурун аткарчу жумуштардын планын түзүп алуусу керек. "Жол картасы иштелип чыкты. Документти кабыл алган учурда аткара турган көйгөйлөр калды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык себептерден улам өзгөрбөй келет. Биз өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык жана саясий байланышыбызды бекемдешибиз керек”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Мындан сырткары ББ калктын жашоосун жакшыртууга салым кошорун айтты.
“Бул ББга кирген өлкөлөрдүн да негизги максаттарынын бири. Казакстан менен Орусиянын рыногунда товарларды экспорттоону жеңилдетүү тууралуу айтып жатабыз”,- деди биринчи вице-премьер-министр.