Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциядагы кармалышы боюнча алгачкы билдирүүсүн таратты.
"Өткөн айда Парижге келгенден кийин полицияда төрт күн суракка алындым. Башкалар тиркемени мыйзамсыз колдонгону үчүн жеке жоопкерчиликти мен алып калышым мүмкүн экендигин айтышты. Бул маселе мен үчүн таң калычтуу болуп жатат", - деп жазган ал.
Дуров өлкөдө терроризмге каршы күрөшүү үчүн Telegram менен Париждин ортосунда түз байланыш түзүүгө жеке өзү көптөн бери жардам бергенин баса белгиледи. Анын айтымында, кайсы бир мамлекет интернет кызматына нааразы болсо, платформанын ээсине эмес, сервистин өзүнө каршы доо арыз менен кайрылуу керектигин кошумчалады.
"Смартфондор пайда боло электе эле кабыл алынган мыйзамдарды колдонуу менен башкы директорду ал башкарган платформада үчүнчү жактар жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартуу туура эмес ыкма", - деп жыйынтыктады сөзүн бизнесмен.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге жеке бизнес учагы менен Азербайжандан учуп келгени маалымдалган. 28-августта чет элдик басылмалар Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланганын жазышты.
29-августта сот Дуровду камактан бошоткон, бирок ал соттун көзөмөлүндө болуп, Франциянын аймагынан чыга албайт. Ошондой эле ал 5 миллион евро өлчөмүндө күрөө төлөшү керек жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келип турат. Дуровго 6 берене менен айып тагылууда.