Бишкектеги цирктин имаратын оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн Жапаров өзү текшерди (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Анда Акылбек Жапаров циркти капиталдык реконструкциялоо долбоорунун алкагында — кызматкерлерге, келген конокторго, цирк жаныбарларына түзүлүп жаткан шарттарды, ошондой эле цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренаны, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан.

Оңдоо иштери менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берип, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага бербилбеши керектигин эскерткен.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айларында Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барып, имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкандан кийин мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде оңдоп-түзөө иштери башталган.

Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан