Садыр Жапаров Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоону тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 7-июлда Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты.

"Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган. Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталаарын белгиледи.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат. Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды", -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле цирк кызматкерлери тарабынан айтылган маселелер боюнча башка да тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

Андан соң Президент баш калаанын 10-кичи районунда жайгашкан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирин көрүп чыкты.

"Мамлекет башчысы имараттын учурдагы абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт.

Президент Жапаров окуу корпусунун аянтын натыйжасыз пайдаланууну эске алуу менен аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-07-08 11:26:00
Туура циркти жаңылаш керек. Коомду маданиятка, көркөм чыгармаларга, искуствого тартуу зарыл. Маданиятка ээ болбогон коом анын ичиндеги жаштар өтөө орой жана радикал болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан