Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан бошотулду

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

"Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Абдыкаров аталган кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан