Бүгүн, 27-декабрда опера жана балет театрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мурат Исмаиловдун катышуусунда жаңы жылдык балаты болду. Ага аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана мыкты окуган эң алдынкы окуучулар катышышты.
Бишкек шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси Майрам Калыгулованын айтымында, шаар мэринин балатысына 1500 бала чакырылып, ар бирине 600 сомдук белектер даярдалган. Бул үчүн мэриядан 2 миллион 200 миң cом акча бөлүнгөн.