Ош шаарында тышкы көрүнүштөрдү тазалоо иштери дале жүрүп жатат. Бул тууралуу шаарды жашылдандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Бактияр Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, шаардын айлана-тегерегин тазалоо иштери ноябрдын аягында башталган. "Өзүңөр билгендей, жалбырактардын кеч түшкөнүнө байланыштуу иштин жылышы кечеңдөөдө. Учурда Салиева жана Ломоносов көчөлөрүндө тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз",- деп кошумчалады Б.Кудайбердиев.