Ошто адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. ИИМ тараткан маалыматка ылайык, шектүү 6-сентябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде кармалган.
Укук коргоо органы билдиргендей, ал 2023-жылдан бери адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. 23 жаштагы шектүү М.Н. Ош ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 13-январына караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар 31 жаштагы жарандын денесине 27 жолу бычак менен жаракат келтирип, ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 2023-жылдын 13-январында түндө Оштогу Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар Коён каймана аты менен белгилүү болгон 28 жаштагы жарандын башына жана буттарына арматуранын кесиндилери менен 32 жолу уруп кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголгон.
Учурунда аталган кылмыштарга шектүү катары Женго деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү А.Р., Н.Ч., А.Ж., Э.К. кармалышкан.
Ал эми жогорудагы окуяга тиешеси бар, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну качып кетип, 2023-жылдын 18-январынан бери издөөдө болгон.