Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр
Жоомарт Оторбаев
“Бажы биримдигине кирүү азык-түлүктүн жетишсиздиги жана
баалардын жогорулашына алып келет” деп
билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкөдө
өндүрүлгөн тамак-аш азыктары баалар жогору болгон өлкөлөргө чыгарылат. Бир жагынан
дыйкандардын өз продукцияларын чет мамлекетке алып чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда кыргызстандыктар азыктардын тартыштыгына
кабылышы мүмкүн.
Азыркы тапта эксперттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү
алдындагы жол картасынын үстүнөн иштешүүдө.