“Ата Журт” фракциясынын жыйынында Улуттук гвардиянын аймагындагы мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иши тууралуу сөз болду

Бүгүн, 27-декабрдагы “Ата Журт” фракциясынын жыйынында Мыктыбек Абдылдаев Улуттук гвардиянын аймагындагы мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иши тууралуу сөз козгоду. 

Анын айтымында, аталган кылмыш иши боюнча өзү да өтүп жаткан. “Тергөө жүрүп жатабы? Же айрым арыздардын негизинде жабылып калдыбы? Ошондой эле ИИМдин аймагындагы курулуштарчы? Кылмыш иштеринин логикага ылайык жабылабы?”- деди фракциянын лидери. 

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эки факты боюнча иш иликтенип жаткандыгын айтышты. 

Эске салсак, Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда Улуттук гвардиянын аймагындагы бөлүктү жеке менчик фирмага берүү боюнча токтомго кол койгон. Кийинчерээк токтомго мыйзам чегинде кол коюлганын айткан. Башкы прокуратура бул ишти териштирип, баа берерин билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан