Вьетнамдагы "Яги" тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны өсүүдө (видео)

Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" тайфунунан каза болгондордун саны 87ге жетип, 752 адам жаракат алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Басылманын маалыматы боюнча, Вьетнамдын түндүк провинцияларынын 70 тургуну дайынсыз жоголгон. Дүйшөмбү күнү 60 адам каза болгондугу айтылган.

Бороон-чапкын нөшөрлүү жаан менен коштолуп, анын кесепетинен жер көчкүлөр түшүп, сел жүргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Вьетнамдын түндүк-чыгыш жээктерин каптаган "Яги" тайфунунан 24 киши каза болгоу айтылган. Ошондой эле Кытайдын Хайнань аралында кеминде эки, Филиппинде 16 адамдын өмүрүн алгандыгы кошумчаланган.

Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" тайфуну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан