Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Бажы биримдигине (ББ) кирерде дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ал өз сөзүндө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Евразиялык экономикалык советинин жыйынына катышканын айтып, жыйынтыгында Кыргызстандын ББга кирүү алдындагы жол картасын кайрадан толуктоо керектиги айтылганын кошумчалады.
“Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн кандай көйгөйлөр болорун биз уюмга мүчө мамлекеттерге ачык айтып жатабыз. Кыргызстандагы ири базарлар, чек аралар, 200 миллион долларлык фонд жана өндүрүштөр боюнча шарттарды айттык. Алардын өз позициялары, ал эми биздин жогорудагы проблемаларды эске алган өз кызыкчылыгыбыз бар”,- деди ал.
Мындан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы келерки жылдын март же май айларында кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилеп өттү. Жол картасын толуктоо бир нече айда бүтөт. Макулдашуу 1 жыл убакытты алышы мүмкүн. Калкка маалымат берип турабыз. Эч кандай дүрбөлөң болбошу керек”,- деди Оторбаев.