27-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 680 миллион метр кубду түздү. Бул туурасында “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 118 куб метрди, суунун агып чыгышы 751 куб метрди түзүүдө.
Ал эми 2012-жылдын 27-декабрына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 227 миллион метр кубду түзгөн.