Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Алайда атасы тарабынан зомбулукка кабылган
бала камкордукка алынганын билдирди.
Ведомство бүгүн, 13-сентябрда тараткан маалыматта балада ур-токмоктун изи жок экендиги айтылат.
"Видеону атасы эмгек миграциясында жүргөн апасын үйүнө алып келүү үчүн тарткан.
Баланы коргоонун жекече планы түзүлүп, териштирүү иштери бүткөнгө чейин жана үй-бүлө менен тактоо иштери аяктаганга чейин бала багып алуучу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды" деп айтылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
Кечээ, 12-сентябрда интернет айдыңында кичинекей наристени атасы уктатпай, сөгүп, видеого тартып алган тасма желдей тарап, коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Ош облустук милициясы видеодогу жаран Алайдын 39 жаштагы тургуну И.Т. экенин аныктап, кармаган.
Милиция билдиргендей, И.Т.нын мындай аракеттерге баруусуна жубайы менен пикир келишпестиктер себеп болгон. Аны коркутуп коюу максатында баласын урушуп, видеого тартып, аны Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөн.
Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынары маалымдалды.