Ошто ИИМдин ардагери өлкө башчыга Акаев жана Бакиевдин жолун жолдобоосун суранып кайрылуу жасады

Ош шаарындагы ИИМдин ардагери Макенбай Табалдиев президент Алмазбек Атамбаевге жана экс-мэр Мелис Мырзакматовго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн 27-декабрда М.Табалдиев билдирди.

"Урматтуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев! Урматтуу Мелис Мырзакматов! Мен өлкөбүздө болуп жаткан акыркы окуяларга тынчсыздануу менен силерге кайрылууну туура таптым. Жакында боло турган Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу саясий интригалар күн өткөн сайын курчуп бара жатат. Буга Ош шаарынын жергиликтүү калкы тынчсыздана баштады. Эгерде кырдаал мына ушундай улана берсе, калайык калкыбыздын коопсуздугуна чоң коркунуч жарала тургандай кырдаал түзүлүп калды. Бул жерде бири-бириңерди күнөөлөбөй, маңдай-тескей отуруп, өлкөнүн келечеги үчүн бириккиле. Кызмат, байлык үчүн орун талашып, алакандай кыргызды түндүк-түштүккө бөлүп, ички-тышкы душмандарга шерменде кылбагыла. 

Мырзакматовдун ордуна башка бирөө келсе, Ош коомчулугу түп көтөрүлүп, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан "эсиң барда, этегиңди жап" демекчи, элдин эркине, каалоосуна каршы келе турган иштерден алыс болгула, инилерим. Силерге чейинки Акаев менен Бакиев да бийлигине чиренип, элдин сын-пикирин укпай, көзүн май басып, акыры тагдыры жаман окуялар менен аяктаган. Жараткан силерди андай тагдырдан оолак кылсын" деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан