2014-жылы Ташкент-Балыкчы туристтик поездинин каттамы ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстан бүгүн макулдашышты. 2014-жылдын январь айында келишимге кол коюлат. Эми кийинки жылы жайында Өзбекстандын жарандары поезд менен Ысык-Көлгө келип эс ала алышат.