Ыргал Кадыралиева: "Мени турмушка чыгыптыр деген ушакка маани бербейм. Учурда биринчи турмушум менен эле жакшынакай жашап жатам"

Интернет булактарында кыйытпай бетке айткан сапаты бар, ачык-айрым, карапайым мүнөздүү ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиеванын кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын директору Эрлан Сапарбаев менен мамиле куруп жаткандыгы тууралуу маалымат кызуу талкууга алынууда. Буга чейин ноябрь айында "Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Ыргал Кадыралиевага автоунаа белек кылыптыр" деген маалымат да коомчулуктун көңүл чордонунда болгон эле. 

Маалыматтын канчалык чындыкка жакын экенин тактоо максатында эл өкүлүнө байланышканыбызда ал: “Ушактарга маани бербейм. Мен 8 жыл мурун турмуш жолуна аттангам. Эки балам бар. Учурда биринчи турмушум менен жакшынакай жашап жатам. Айтылып жаткан ушактар мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан